Орусиялык ырчы Надежда Бабкина коронавирус жуктурганы аныкталып, ооруканага жаткырылганы кабарланган. 7-апрелде ырчынын пресс-атташеси Бабкинага пневмония диагнозу коюлганын, ал коронавирус болбогонун айтты.
Учурда ырчы жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган. "Надежда Бабкинанын илдети өрчүп кетпеши үчүн аны жасалма жол менен дем алдыруу чечими кабыл алынган. Учурда абалы туруктуу. Андан коронавирус аныкталган жок", - деген пресс-атташе Александр Велор.