Кыргыз өлкөсүндө жаңы омикрон штаммына байланыштуу карантин киргизүү маселеси азырынча карала элек. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башкы адиси Бактыгүл Исмаилова брифингде билдирди.
"Коронавирустун дагы бир түрү 32 мутацияны камтыйт. Профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү максатында министрлер кабинетинин тапшырмасы менен өлкөгө кирүү алгоритмине өзгөртүү киргизүү каралып жатат. Азырынча башка чектөө чаралары каралбайт. Санитардык нормаларды сактап, илдетке каршы эмдөө алыңыздар", - деди ал.
Эскерте кетсек, министрлер кабинети өлкө аймагында коронавирус инфекциясынын жаңы штаммынын жайылышына жол бербөө үчүн 1-декабрдан тарта чет элдик жарандар менен Кыргыз жарандарына өлкөгө кирүүдө ПЦР-тест тапшыруу (вакцина алганына карабай) керектигин айткан.