Москвалыктарга үйдөн чыкпай коронавируска тест тапшыруу мүмкүнчүлүгү түзүлдү

Москвадагы "Ден соолукта бол" ("Будь здоров") клиникалар тармагы жарандардын үйүнө барып, коронавируска тест тапшыруу кызматын ишке ашырды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Тест "ДНК-технологиялар" компаниясынын ПЦР системи менен текшерилет. Баасы 6000 рубль турат. Тестти улуу курактагы ден соолугу чың жана ОРВИ белгиси жок балдар тапшыра алат. Эгер тесттин жыйынтыгында коронавирус бар экендиги аныкталса, керектөөчүнүн укугун жана адамдын саламаттыгын коргоону көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматтын (Роспотребнадзор) катышуусунда кайра бир ирет текшерилет. Анализдин жыйынтыгы эки күндө чыгат.

Келечекте демилгени ишке ашырган «Ингосстрах» компаниясы Санкт-Петербург, Краснодар, Уфа, Казань, Сочи жана башка шаарлардын тургундарына да тестти үйүнө барып алуу мүмкүнчүлүгүн пландоодо.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kuyoo_bala
2020-04-08 16:33:09
Биздеда ушундай кылуу керек эле,карантинде элди камабай
-7
KalenAlmaz
2020-04-08 17:04:14
Тест бул акча турат кымбат жон еле анализ тапшыргандай емес да 5 милион тести алганга кыргызстандын каражаты барбы десен.
+3
Kuyoo_bala
2020-04-08 22:25:36
KalenAlmaz,Дуйнолук Банктан болунгон миллиондор кайда кетти дейсин,элден чогулган бир канча миллиондор кайда кетти дейсин...Просто иштеш керек.Ошол.Каражат жеткирсе болот,алкымды тыйса.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан