Жарактан чыгып калган "Спутник V" вакциналарына ким жооптуу? Республикалык эмдөө борборунун жообу

Борбор калаадагы №2 поликлиникада муздаткыч өчүп калгандыгына байланыштуу жарактан чыгып калган "Спутник V" вакцинасынын 930 дозасынын чыгымын калыбына келтирүү жоопкерчилигин билүү максатында Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысовага байланыштык. Анда ал бул маселе боюнча учурда комиссия иштеп жаткандыгын билдирди.

"Учурда экинчи комиссия түзүлүп, иш алып барууда. Биз биринчи комиссияда иштедик, керектүү чечимдерибизди бердик. Азыр ким жооптуу экендигин айта албайм. Бул маселе жакында чечилет. Биз азыр вакцинаны кармап турабыз. Ал башка вакцина менен орду толтурулган соң утилизацияга кетиребиз", - деп билдирди Ишенапысова.

Белгилей өтсөк, муздаткыч өчүп калып, жарактан чыгып калган вакциналарды эсептен чыгаруунун материалдык чыгымы 800 миң сомдон ашканын Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева билдирген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
zam81
2021-05-22 14:56:25
Ким болмог эле свет куноолу же холодильник суйлобойт шыйлтай бергиле жэ байкуш электирик болбосо болду
-1
TIMON_BERKOWITZ
2021-05-22 20:10:07
Пол жуугуч күнөлүү болуп чыгат аягында. Полду жууп жатып капысынан өчүрүп алган. Эми 800мин сомдун эсебинен 80жыл дагы иштеп бермекчи.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан