Дүйнө жүзүн каптаган коронавирус илдети көптөгөн өлкөлөрдү аны менен күрөшүү үчүн ыкчам жана катуу чараларды көрүүгө аргасыз кылды. Расмий маалыматтарга ылайык, коронавирус менен азыркы тапта дүйнө жүзү боюнча 1 миллион 484 миң 811 адам ооруп жатат. Ал эми көз жумгандардын саны 88 миң 538 адамга жетти.
Айрым өлкөлөрдө чаралар күчөтүлүп, карантиндин убактысы узартылып жатат. Ал эми айрым өлкөлөрдө эч кандай чектөөлөр жок, адамдар өзүнүн күнүмдүк турмушун улантып жатышат.
Мисалга алсак, Швецияда пандемия башталгандан бери эч кандай карантин киргизилген эмес. Болгону 50дөн ашык адам чогулган иш-чараларды убактылуу токтотуп туруу жана карылар үйүнө барып, жакындарынан кабар алууну тыюу чечими кабыл алынган. Муну эске албаганда, аталган өлкөнүн жарандары эпидемиянын башталышы менен өз турмушунда эч кандай деле өзгөрүүнү сезишкен жок.
Швециянын Стокгольм шаарында 2 жылдан бери эмгектенген Нуржигит аттуу мекендешибиз менен ал жактагы абал тууралуу маек куруп, бизди кызыктырган суроолорго жооп алдык.
- Дүйнө жүзүн каптаган коронавирус сиздерге кандай таасирин тийгизди?
- Жеке мага эч кандай таасирин тийгизген жок. Анткени бул жакта эч кандай өзгөрүү болгон жок. Вирус чыкканга чейин кандай турмуш болсо, ошол бойдон эле уланууда. Мектептер, бала бакчалар, кафелер, ишканалар мурдагыдай эле иштеп жатат. Жаз келип күн жылыгандыктан, көчөдө сейилдеп жүргөндөрдүн саны көбөйдү. Швециядагы адамдардын эркин жашоосу азыр башка өлкөлөргө жомоктогудай туюлууда.
Болгону адамдарды көчөдө жүргөндө аралыкты сактоону суранып жатышат. Ошондой эле карылар үйүнө барып, кабар алууга убактылуу чектөө киргизилди. Бул чара улгайган адамдардын коопсуздугу үчүн.
- Швецияда ооругандар тууралуу маалыматты кайдан алып жатасыздар? Көчөдө бет кап кийип жүрөсүздөрбү?
- Жумушка коомдук транспорт менен барып келем. Бул жакта бет кап тагынгандар дээрлик жокко эсе. Ал эми оору жугузуп алгандар тууралуу маалыматты жергиликтүү маалымат каражаттарынан алып жатабыз. Биздегидей болуп, атайын расмий адамдар күндө өлкөдөгү абал тууралуу маалымат бербейт.
- Башка чет өлкөдө жүргөн мекендештерибиз аларды кытайларга окшоштуруп, ар кандай сөздөрдү айтып же коомдук жайларда алардан элдер качып жатканын айтышты эле, сиздерге бул жагынан кандай болду?
- Швециянын эли өтө толеранттуу эл. Пандемия башталгандан бери сиз айткандай нерселердин бирин да байкаган жокмун. Мурун кандай кенен жүрсөк, азыр деле ошондой. Мынча адам каза болуптур, мынча адам вирус жуктуруп алыптыр деп деле сөз кылып, кейиген адамдарды көргөн жокмун.
- Ал эми Кыргыз өлкөсүндө өзгөчө кырдаал жарыяланганы жана коменданттык сааттын киргизилишине кандай карайсыз?
- Бул туура чечим болсо керек. Анткени кыргыз эли алакандай эле элбиз, вирус жайылып кете турган болсо кейиштүү окуялар болуп кетиши мүмкүн. Европалыктар менен кыргыздардын дүйнөгө болгон көз карашы, аң сезими айырмаланып турат. Кыргыз эли бийлик тарабынан болуп жаткан чектөөлөргө баш ийип, эрежелерди жана тазалыкты сактап, вирус менен биргеликте күрөшсө аны аз убакыт ичинде жеңет деп ишенем. Мекенибизде дайыма тынчтык жана бейпилдик болсун.
- Маегиңизге рахмат!
Азыркы тапта Швецияда 8 миң 647 адам вирусту жуктуруп алган. 701 адам илдеттен көз жумуп, 339 адам айыгып чыккан. Чет элдик маалымат каражаттарынын жазып чыкканына таянсак, Швеция бийлиги атайын мыйзам долбоорун иштеп чыгууда. Ал мыйзам долбоору боюнча, бийлик парламенттин макулдугу жок эле карантиндик чараларды киргизе алат.
Өлкөгө карантин киргизилбегендигинин себебин премьер-министр Стефан Лёвен вирустун жайылышы тездик менен эмес аз-аздан болуусу керектигин, дал ошондой учурда гана өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагы бул вируска туруштук бере аларын айткан.
"Биз пандемия учурунда вирустун кыйма-чийме эмес түз таралуу стратегиясын тандап алдык. Демек бул бизде оор абалдагылар көп болот дегенди билдирет. Бизде вирустан көз жумгандардын саны дагы көп болот, аларды миңдеп санайбыз", - деп билдирген Лёвен.