Сутка ичинде өлкө боюнча дагы 23 бейтап коронавирустан айыкты делинип, ооруканалардан чыгарылды. Маалыматты саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда кабарлады.
Айыккандар:
Бишкек шаары – 7;
Жалал-Абад облусу – 1;
Нарын облусу – 7;
Баткен облусу – 3;
Ош облусу – 3;
Ысык-Көл облусу – 2.
Айыккандардын жалпы саны 980ге жетти.