Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ысык-Көл айылынын тургундары "Маяк" деген саламаттыкты сактоо жана билим берүү борборуна обсервация уюштурулушуна каршы митингге чыкканын жергиликтүү жашоочу билдирген. Ал эми аталган окуя тууралуу SUPER.KG порталына Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Жаныбек Кожобеков төмөнкүлөрдү айтып берди.
Айтымында, эл кырдаалды толук түшүнбөй, кээ бир козуткан кептерге берилип жатат. "Түп районунун Ысык-Көл айыл өкмөтүндөгү Ысык-Көл айылына обсервация уюштурулушуна эл каршы чыгып жатат. Ал жерде "Маяк" деген балдардын саламаттыгын сактоо жана билим берүү борбору бар. Аймактагы 4 жерге жергиликтүү, райондук штаб обсервация уюштурушкан. Бул Талды-Суу айылын, Түп райондук аймактык ооруканасын, Түп шаарындагы лицей жана "Маяк" борборун обсервация деп кабыл алышкан. Балким, жергиликтүү калк кандайдыр бир чагымчылдардын сөзүнө кирип же болбосо ушак сөздөргө берилип жатабы? Алар биздин айылга инфекция менен ооруган адамдарды алып келет экен деген туура эмес түшүнүктө болуп жатышат.
Мындан улам тургундар оорулуу адамдар келсе, биз дагы ооруп калабыз деп чочулап жатышканы жалган эмес. Негизи обсервациянын максаты - бул коронавируска чалдыккандардын шектүүлөрүн эле обсервацияга алышат. Эгер ал жаран коронавирус менен ооруганы аныкталса, аны Түп районундагы жугуштуу оорулар боюнча ооруканасына алып кетишет. Облуста эки кишиден вирус аныкталды. Ошондуктан биздин ыкчам штаб ал жерге анализ алганы "Тез жардам" унаасы менен барганда, элдер айылга киргизбей коюшкан. Митинг болгонун канчалык чектейин десек дагы эл укпай жатканына байланыштуу облустук штабдын чечими менен жалпы бир айылды карантиндик зона деп белгилөө чечими кабыл алынды. Анткени акция учурунда баары бири-бири менен жакын болгон. Ал топтолгондордун арасында 8 чет өлкөлүк бар экен. Кээ бирөө эмгек миграциясында жүргөн болсо, кай бири окугандар.
Тегерек четте азыркы учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери дезинфекция иштерин жүргүзүп жатышат. Андан сырткары обсервация боло турчу жатакана дагы дезинфекцияланып, бир канча медицина кызматкерлери эмгектенишүүдө. Бул жерде тургундар ушактарга берилип жатат. Азыр эле жалпы айыл карантинге алынышы керектиги тууралуу айтылды, себеби баары бири-бири менен байланышып калышкан", - деди маалымат катчы.
Кечээ, 31-мартта Ысык-Көл облусунан 2 адамдын коронавирус жуктурганы маалым болгон.