
Бир сутка ичинде өлкө боюнча дагы 4 медицина кызматкери коронавирус инфекциясын жуктуруп алды. Ал эми 2 дарыгер үй карантининен чыгарылды деп билдиришти республикалык штабдан.
Соңку суткада илдетти жуктуруп алган ак халатчандардын үчөө Бишкекте, бирөө Ысык-Көлдө катталды.
Республика боюнча COVID-19 жана пневмония илдети медицина тармагынын жалпы 4 миң 307 кызматкеринен аныкталса, алардын ичинен 4 миң 233ү сакайды.