Үмүт аттуу жалгыз бой аял коронавирус пандемиясынан улам барар жери жок болуп Бишкектеги "Руки любви" аттуу адаптациялык борборго барганын жана ал жакта "Библия окугула" деп мажбурлап жатышканын SUPER.KG порталына билдирди.
"Мен учурдагы абалга байланыштуу жумушум жок же батирге акча төлөй албай, кызым менен көчөдө калгандыктан "Руки любви" аттуу кризистик борборго келгем. Борбор менен алдын ала келишим түзүлгөндө "Библия китебин окушуң керек" деп эч ким айткан эмес. Кийинчерээк байкасам, күнүнө бир маал биз Библия китебин окушубуз керек экен. Башында биз силерди мажбурлабайбыз, өзүңөр билгиле дешкенинен мен дароо эле окубайм деп айткам. Анда унчугушкан эмес. Бүгүн "Сен эмнеге Библияны окуганда сабакка катышпайсың?" деп сурашты "Кечирип койгула, мен мусулманмын, окуй албайм" десем анда бул жактан чыгып кет, биздин шартыбыз ушундай, Библияны окушуң керек" дешти. Макул анда чыгып кетейин дегем, азыр ойлосом, келишим түзүлгөндө "Библияны окуйсуңар" деген талап болгон эмес экен. Демек, булар менин укугумду бузуп жатышат. Бул жактан чыксам, мен кайда барарымды билбейм", - деп билдирди жалгыз бой айым.
Ал эми сөз болгон "Руки любви" адаптациялык борбордун негиздөөчүсү, жетекчиси Наталья Гребнева окуя боюнча төмөнкүдөй түшүндүрмө берди.
- Биздин адаптациялык борбор 2008-жылдан бери иштеп келет. Биз кризистик абалда калган балалуу энелерди кабыл алабыз. Окуя боюнча, ал айым бизге экинчи ирет келип жатат. Бир жыл мурун кызы жаңы төрөлгөндө төрөтканадан түз эле бизге алып келишкен. Бизде өзүбүздүн эрежелер бар, борбордогу кыздар кезектешип жыйнашат, тамак жасашат дегендей. Мен төрөтканадан чыккам, мага болбойт деп, акыры "Бул жакта иштегенге мажбурлашат экен, мага жакпайт" деп бир айдан кийин ызы-чуу менен кеткен. Бир жылдан кийин кайра жардам сурап келип жатат. Ал биздин шарттарды, эрежелердин баарын жакшы билет.
Бизде күнүмдүк режимде атайын расписание түзүлгөн. Анда жогоруда айткандай кезектешип тазалоо иштерин кылуу, баарлашуу сабактары бар. Баарлашуу сабагына биз психолог, дарыгерлерди чакырабыз. Биз ар тараптуу адистерди чакырып, борбордогу аялдарга руханий байлык тартууласак дейбиз. Борбордо хиджаб кийген кыздар бар, алар намаз окуйбуз дешет, макул деп каршылык кылбайбыз. Адатта бизге кордук көргөн, моралдык жактан кыйналган, жанын кыюуга жетип калган абалдагы аялдар келет. Аларды мындай оор кырдаалдан Кудайга болгон ишенимин бекемдөө менен жардам көрсөткүбүз келет. Бизде Куран китеби да, Библия да бар. Ооба, биз Библияны окуйбуз. Бирок анда ата-энеңди сыйла, бала Кудайдын берген белеги деген сыяктуу нейтралдуу темаларды тандап алабыз.
Эч кимди христиан бол же башка бол деп кыйнабайбыз. Биз ушул кезге чейин эч кимди борбордон кубалаган эмеспиз.
Окуя боюнча Диний иштер боюнча мамлекеттик комиссиянын адиси мындай дейт: "Кайрымдуулук борбору, адаптациялык, кризистик, реабилитациялык борборлору өздөрүнүн уставдарына ылайык иштешет. Алар Кыргыз мамлекеттик диний иштер боюнча комиссиясынын каттоосунан өтүүгө милдеттүү эмес. Баш мыйзамга ылайык, Кыргыз өлкөсү светтик мамлекет жана бир дин мамлекеттик дин катары кабыл алынуусу мүмкүн эмес. Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө мыйзамга ылайык, бир адам экинчи адамды бир динге өткөрүүгө мажбурлоого укугу жок. Кайрымдуулук, адаптациялык борборлорундагылар кандайдыр бир динди тутунуп, өзүнүн руханий байлыгын азыктандырып жатса, ал ар бир адамдын укугу. Бирок ал атайын уюштуруп, диний иш-аракеттерди жүргүзүп жаткан болсо, анда комитетке каттоого туруусу керек. Каттоодон өтпөсө, анда мыйзамсыз иш-аракет болуп саналат. Ошондуктан кайрымдуулук борбордун эч кандай динге, саясатка кийлигишүүгө укугу жок. Алардын негизги багыты муктаж адамдарга жардам берүү болуп жаткандан кийин ошону гана аткарышы керек. Эгер динге байлап, мажбурлоо иштери орун алса, ал мыйзамга каршы келет. Эгер бул фактылар далилденсе, анда тиешелүү мамлекеттик органдар диний иштер боюнча мамлекеттик комиссия, жергиликтүү башкаруу органдары, укук коргоо органдары иш алып барат.
Ал эми арызданган айымдын окуясы боюнча бүгүн карантинге байланыштуу бара албай калдык. Эртең ал айым жайгашкан борборго барып, териштирүү иштерин жүргүзөбүз".