Бишкектеги республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында Түштүк Кореядан келген бир үй-бүлөнүн 5 мүчөсү карантинде жаткан. Алар үйүнө чыгарыларын Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
"Түштүк Кореядан келген 5 Кыргыз жараны, тагыраагы бир үй-бүлө мүчөлөрү обсервацияга киргизилген. Лабораториялык текшерүүлөрдөн кийин коронавирустун белгилери жок деп чыкты. Ошого карабай обсервация улантылууда. Түштүк Кореядан келген жубайлардын бир баласы ДЦП менен жабыркайт, мындан тышкары эмчектеги баласы бар. Буга байланыштуу аларды үйүнө чыгаруу чечими кабыл алынды. Алар үйүнө чыкканы менен көзөмөлдөн өтүп турушат, эл көп топтолгон жерге барууга тыюу салынат. Ошондой эле үйдүн ичин дезинфекциялап, гигиенаны сактоого милдеттендирилет", - деп билдиришти маалымат кызматынан.
Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавируска каршы күрөшүүдө кабыл алган чечимдерине карата туура түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.