Буга чейин Непалда Кыргыз өлкөсүнүн ардактуу консулу
Сулав Агарвалдын көмүскө рынокто коронавируска карата дене табын текшерген аппараттарды спекуляциялык негизде сатып жатат деген шек менен кармалгандыгы
маалымдалган.
Бул боюнча Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты. Анда ТИМ Кыргыз Республикасынын Индиядагы элчилиги териштирүүнүн жыйынтыгын күтө туруу туура болот деп эсептерин жазган.
"Непал өкмөтүнөн ардактуу консулдун кармалгандыгы жөнүндө расмий билдирүү келе элек. Бул маселе Индиядагы элчилик менен ТИМдин көзөмөлүндө турат. Кошумча билдирүүлөр болсо маалымдайбыз", - деп жазылат анда.
Ошондой эле ТИМ маалыматтын аягында Сулав Агарвал Непалдагы эң ири делген Шанкер-групп жеке уюмунун вице-төрагасы экенин кошумчалаган. Анда белгиленгендей, Шанкер-групп ишканасына болот, цемент, полипропилен каптарын чыгарган 50 ири компания кирет.