Непалда Кыргыз өлкөсүнүн ардактуу консулу Сулав Агарвал кармалды. Жергиликтүү полиция кызматы аны көмүскө рынокто коронавируска карата дене табын өлчөгөн аппараттарды спекуляциялык негизде сатып жүргөн деген шек менен кармаганын Непалдын басылмалары жазууда.
Полиция аны кармоо үчүн керектөөчү катары байланышка чыккан. Ал сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин белгиленген жайга Mitsubishi үлгүсүндөгү жол тандабас менен келген. Анда Кыргыз өлкөсүнүн дипломатиялык номери болгону жазылат маалыматта.
"Полиция ардактуу консулду шейшемби күнү кармаган. Сулав Агарвал ал учурда сатып алуучу катары сүйлөшкөн полицияга 67 даана термометр менен келген. Коронавирус учурунда дене табын текшерген бул термометрлерди 15 миң рупийге сата турганын айткан. Бул баа анын чекене баасынан 3 эсе жогору.
Агарвал курулуш каражаттарын чыгарган Непалдагы эң ири "Shanker Group" компаниясынын вице-төрагасы. Ал 20 миң даана термометрди коронавирус чыккандан кийин Кытайдан буюртма менен алдырган. Аны Катмандуга өткөн аптада Гуанчжоудон "Nepal Airlines" атайын каттамы менен алып келген", - деп жазылат маалыматта.
Ага ылайык, бул боюнча учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Эгерде анын күнөөсү далилденсе, 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ал термометрлерди ички рыноктон сатып алдым деген көрсөтмө берип жатканы кошумчаланат басылмалар жарыялаган маалыматта.
Кыргыз дипломатиясынын бул өңдүү маселелерин Кылычбек Султан Түштүк Кореяда элчи кызматында жүргөнүндө айтып чыккан болчу. Элчи тышкы иштер министрлигинде бир топ коррупциялык схемалар иштеп жатканына күбө болгонун, алар тууралуу ТИМ жетекчилигине, УКМКга, президенттик аппаратка кабарлаганын, бирок жыйынтык чыкпаган соң коомчулукка айтып чыгууну чечкенин айткан. Белгилүү болгондой, мындай жарыясынан соң ТИМдеги коррупциялык схемаларды уюштуруучулар эмес, тескерисинче Кылычбек Султанга карата басым көрсөтүүлөр башталган. Бирок ал айтып чыккан маселе иш жүзүндө дале бар экендиги Кыргыз өлкөсүнүн Стамбул шаарындагы консулдугунда, Непалда орун алган окуялар далилдеп жатат.