Бүгүн, 10-апрелде Өкмөт үйүндө ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев онлайн маалымат жыйын берди.
"Шаар боюнча абал туруктуу. Өзгөчө абал киргизилгенден бери 1 миң 608 адам коменданттык саат эрежесин бузуп катталды. Анын ичинен 58 адам чет өлкөлүктөр. Өткөн сутка ичинде 37 адам коменданттык саат эрежесин бузду. Анын ичинен үчөө чет өлкөлүк жаран", - деп билдирди комендант.