Бүгүн, 10-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин видеоконференция форматындагы кезексиз жыйынына катышат. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Азербайжандын төрагалыгы астында өтө турган кезексиз жыйында коронавирус инфекциясынын жайылышы жана анын кесепеттери менен күрөшүүдө түрк тилдүү өлкөлөрдүн күч аракеттерин бириктирүү маселеси талкууланат.
Видеоконференция форматындагы жыйынга Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан жана ТМККнын башкы катчысы Багдад Амреев катышат.
Ошондой эле Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Аданом Гебреисустун катышаары күтүлүүдө.