Пакистанда коронавирустан каза болгон Кыргыз жаранынын сөөгү ошол жакта жерге берилди

Пакистанда каза болгон Кыргыз жараны тууралуу республикалык штабдан билдирүү таратышты.

"У.А. аттуу 1947-жылы туулган Кыргыз жараны жүрөк оорусунан каза болду. Андан COVID-19 инфекциясы да бар экени аныкталган. Көз жумган жарандын экинчи тесттеринин жыйынтыгы күтүлүп жаткан, ал карантиндик зонада болчу. Маркумдун башка өнөкөт илдеттери да өрчүп кеткен. Каза болгон жарандын туугандарынын макулдугу менен анын сөөгү Пакистанда жерге берилди.

Жалпысынан Пакистанда коронавирус инфекциясына чалдыккан 7 Кыргыз жараны бар. Бирөө каза болуп, алтоо обсервацияда жатат", - деп айтылат маалыматта.

9-апрелде Пакистандын Лахор шаарында "Таблиги Жамаат" кыймылынын мүчөсү, Кыргыз жараны коронавирустан көз жумганын чет элдик маалымат булактары жазып чыгышкан. Бүгүн, 10-апрелде Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан маалыматты ырастаган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
aminkaerke
2020-04-10 14:23:34
Ишенич кыйын 73 жашка чыкса ошол жакта дабаатта жүрөт беле
-13
Perfekt
2020-04-10 14:51:02
Пакистанда не кылып журушот дейм да, андан коро уй-булосун карашбайбы
+11
bond02
2020-04-10 16:40:52
Бир суроо да менде ушул жашка чейин балдарын багып остуруп анан алардан топурак буюрбай талаада сайда олгон иттей олгон жакшыбы же оз мекенинде эле беш маал намазын каза кылбай окуп бала чака небере чеберелеринен топурак буюрганы жакшыбы?
+13
aida007
2020-04-11 09:49:56
bond02, ушундай маалда дуйно дурболонго тушуп жаткан маалда Уй булосу мн болгон жакшыда негизи, даватка неге барат деймда....?
+3
Ruslan-Gaparov
2020-04-11 01:24:42
булар жалган болсо керек деп ойлойм менен каронавирус жоок мен же бироондун кошунан же тайкен оруп жатабы эчким оруган жок факт жоок
-5
Ruslan-Gaparov
2020-04-11 01:46:24
кана ушул кишинин балдары или неберелери жалган жалган
-2
ady-88
2020-04-11 06:57:09
Прямо бейишке кетет
0
XATSAN125
2020-04-11 10:44:17
ady-88,сен билет алып бердиңби
+2
al-abu-kinesz
2020-04-11 11:25:33
Ажылыкта, мечитте, сооп иштерди кылып аткан учурда, дааватта жан беруу редко гана бактылуу адамдарга насип кылат. Акыретте сурак сен кайсы мамлекетте олдун деп суроо берилбейт, кылган амалдарын тууралуу суроо берилет. Олум кайып, кыйын боло бербегиле Кыргызстандан чыкпай эле олбойбу деп. Кечээ жакында Москвада кыргыз жараны олуп ушул жерге комулду. Кана айткылачы ошонун булосуно баланар тентип Москвага эмне барды деп? Эртен сен да чет жерге эс алганы барып "эс алып" жатып олуп калсан н
+3
Baku88
2020-04-11 11:52:09
al-abu-kinesz, Сенин ушул айткан кебин учун дагы бир шору жок туркой жонойт пакистанды коздой олсом бейишке чыгат экенмин соопко калат экенмин деп
+1
Firdaus-Muslim
2020-04-11 12:14:13
Аллах Таала күнөөлөрүн кечирсин, жаткан жерин жайлуу кылсын.
Бул күндөр да өтөт кетет, Жараткан Аллах мусулмандарга Ислам динине күч кубат берсин оорулууларга шыпаасын берсин.
+1
kalima88
2020-04-13 16:26:36
Менин квартирамдагы бир акенин бир тууган тайкеси экен, аябай жаман болуп атат. Ушинтип калып кетеби деп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан