Бүгүн, 23-апрелде Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев жана Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева онлайн маалымат жыйын беришти.
Жыйында Нарын шаары боюнча жалпы 75 адам оору жуктуруп алганы аныкталганы айтылды.
Анын ичинен айыгып чыккандар:
Нарын шаары боюнча - 5 адам;
Кочкор боюнча - 1 адам;
Жумгал району боюнча - 3 адам;
Ат-Башы району боюнча - 2 адам;
Жаркын Ибараеванын айтымында, учурда облус боюнча 64 адам илдет менен күрөшүп жатат.