Премьер-министр өлкөдө жасалма дем алдыруу аппараттары жетишсиз болуп жатканын айтты

Кыргыз өлкөсүндө жасалма дем алдыруу аппараттары жетишсиз болуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтканын өкмөттөн маалымдашты. Өкмөт башчы азыркы жетишсиз болуп жаткан жасалма дем алдыруу аппаратынын санын айткан эмес.

"Биз Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун талаптарына жооп берген менчик клиникалар жана алардын кызматкерлери, лабораториялар менен кызматташууга даярбыз. Калк арасында дагы жардам берүүнү каалагандар көп. Бул жерде финансылык каражаттар тууралуу сөз болууда. 2020-жылдын 8-апрелине карата буга чейин ачылган эки эсепке 123 миллион сомго жакын акча түштү. Анын баары медицинага багытталат. Ачык-айкындуулук үчүн өкмөттүн аппаратынын жооптуу кызматкерлери, Жогорку Кеңештин депутаттары кирген атайын комиссия түзүлгөн. Колдонулган ар бир сомго катуу отчёт берилет. Биринчи траншы - 38 миллион 500 миң сом - дарыгерлердин жана медайымдардын айлыгына кошумча төлөм катары жумшалды», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы Саламаттыкты сактоо министрлигинин жалпы кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.

Айтымында, учурда 30 миңге жакын коргоочу костюм менен комплекттер бар, ошондой эле санитардык коргоочу каражаттар менен дары-дармек жетиштүү санда. Гуманитардык жардам катары полимераздык чынжыр реакциясын өткөрүү үчүн экспресс-тесттер менен комплекттер келди жана сатылып алынды. Үч нөөмөттө иштеген 9 лабораторияда анализдер текшерилүүдө.

«Медициналык кызматкерлердин ырааттуу иши болбосо, алдыга коюлган максаттарга жетише албайбыз. Сиздердин эмгегиңиздерге жараша коронавирус инфекциясынын жапырт жайылышынын алдын алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ал үчүн бардыгыңыздарга чоң ыраазычылык билдирип кетем. Коронавируска каршы күрөшүүдө сиздердин ролуңуздар зор, ал эми эмгегиңиздер баа жеткис», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы оору жугузгандардын арасында медициналык кызматкерлер да бар экендигин терең өкүнүү менен белгилегени жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
-ali
2020-04-11 22:18:13
Барын биле кантип даарылашты билебиз дайарбыз деген кимди алдады анда
+4
Jaznura
2020-04-11 23:12:29
-ali,популисттик билдирүүгө алдырбагыла.
-2
Adi010891
2020-04-11 22:29:52
Бут нерсе жетиштуу деп айтып атышбады беле
+2
Mylatka..
2020-04-12 09:10:33
анан эмнеге мына миллион сом короду,деп жатасынар албайсынарбы ошол акчаларга ....ар нерсени айтып алдай,бербей анда.!!!!!
0
Nurik1988
2020-04-12 09:12:52
### 183миллон сомду кайака коротунар жээп алдынарда ээ
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан