Ошто бир жаран "илдетти жуктуруу" беренеси боюнча кармалды, аны текшерүүгө алганда коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Бул тууралуу Кара-Суу жана Ноокат райондорунун акимдери маалымат жыйында билдирди.
"Бир жаран "илдетти жуктуруу" беренеси менен кармалды, аны текшерүүгө алганда коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Тилекке каршы, ал ооруганын жашырып, эч кимге айтпастан туугандары, теңтуштары жана ишканасындагы кесиптештери менен байланышта болгон. Азыр ал жаран обсервациядагы изоляторго алынды. Жакшы болуп чыгаары менен 5 жылга чейин эркинен ажыратылат", - дешти алар.