Пандемия бардык адамдарга анын ичинен улгайган жана жаңы төрөлгөн ымыркайлар үчүн чоң коркунуч туудурат. Жаңы төрөлгөн наристелерди вирустан сактоо үчүн Таиландда аларга атайын бет каптарды кийгизүүнү туура көрүшкөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бет каптар чүчкүргөндө же жөтөлгөндө вирустун тамчылары баланын бетине түшпөөсү үчүн колдонулат. Бул бет каптарды көп убакытка тагынып жүрүүгө болбойт. Аны баланы ооруканадан үйгө же үйдөн башка бир жакка чыгып жатканда гана колдонуу керек.
"Балдардын саламаттыгы аябай маанилүү" деп билдирген бет капты биринчи болуп колдоно баштаган оорукананын дарыгерлери.