8-апрелден тарта Кыргыз өлкөсүндө мектеп окуучулары төртүнчү чейректи дистанциялык негизде окуй баштады. Албетте, мындай окуу өлкө тарыхында болгон эмес жана билим берүү министри Каныбек Исаковдун айтымында, бул кадам акыркы кырдаалга байланыштуу аргасыз кабыл алынган чечим. Азыркы тапта дистанциялык билим берүү тууралуу эки тараптуу кайчы пикирлер айтылып жатат. Кээ бирлери өлкө аралыктан окутууга даяр эмес экен дешсе, экинчи тарап көч бара-бара түзөлөт, бул процесс Борбор Азия өлкөлөрүндө да Кыргыз өлкөсүндөгүдөй ыкчам ишке ашырыла элек деп билдиришүүдө. Бул айтылгандар боюнча SUPER.KG порталы билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковдун пикирин угуп, аны менен маектешти.
- Учурда өлкөнүн бардык аймактарындагы мектептер дистанциялык негизде окуп жатышат. Бул багытта алдын алуу даярдыктары кандай жүрдү жана эмнелерди иштеп жатасыздар?
- Ооба, өлкөдө 8-апрелден баштап билим берүү тарыхында биринчи жолу орто мектептерде жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин баарында дистанциялык окутуу процесси киргизилди. Албетте, бул өлкө аймагында коронавирус катталып, карантин жарыяланганына байланыштуу аргасыздыктан жасалган кадам болду. Анткени кандай кырдаал болбосун, балдарды билим берүү процессинен алыстатпашыбыз керек эле. Мындан улам биз жалпы 1400 саат сабак тарттырдык. Сабактар негизинен ЭлТРдин "Илим Билим" каналында, КТРКнын "Баластан" каналында, "5-каналда" жана "Пирамида" телеканалдарында көрсөтүлүп жатат. Албетте, мугалим менен окуучунун мектепте, класста отуруп билим берген процессине эч нерсе жетпейт. Анткени бала менен мугалимдин ортосундагы толук кандуу байланыш, баары бир башка нерсе. Бирок башка билим алуу булактары аркылуу билим берүү деле жаман жол эмес.
Учурда биринчи видео сабактар аркылуу, экинчиси мобилдик түйүндөр аркылуу окуу процесстери жүрүп жатат. Муну биз мугалим менен окуучунун ортосундагы кайтарым байланыш деп атайбыз. Кайтарым байланыш бул өтүлгөн тема боюнча окуучу менен мугалимдин ортосунда суроо-жооп дегендик жана аны мугалим бышыктап, тиешелүү тапшырмаларын берет. Бул процессте Кыргыз өлкөсүндөгү мобилдик операторлор дагы жардамын көрсөтүп жатат. Билим берүү жаатында бир топ порталдар түзүлдү. Анын ичинде министрликтин “Кыргыз өлкөсүнүн билим берүү ресурстары” деген порталы ишке кирди жана "Ай билим", "Bilim Bulagy" деген атайын медиа булактарыбыз иштеп жатат. Мындан тышкары 400дөн ашуун окуу китептерин жана 37 аталыштагы китептерди электрондук форматка өткөрдүк. Сайттар иштеп жатат жана орусиялык, дүйнөлүк бир топ билим берүүчү порталдар өлкөбүздө 2 ай акысыз билим берүүгө өттү.
- Өлкө мектептери дистанциялык окууга өткөнүнөн саналуу күндөр өттү. Бул убакыт аралыгында министр катары сизге кандай кемчилик, мүчүлүштүктөр байкалды?
- Биринчиден аралыктан окутуу тажрыйбабызда биринчи жолу болуп жатат. Дүйнөлүк тажрыйбада деле мектепти дистанциялык билим берүүгө өткөргөн учурлар кездешпейт. Ал эми жогорку жана атайын орто окуу жайларында дистанциялык билим берүү бир топ жылдардан бери практикада колдонулуп келет. Бизде азыр кандай көйгөйлөр жаралганы тууралуу мониторинг жүргүзүп жатабыз. Мониторингде биринчи кезекте айрым алыскы райондордо жашаган биздин жарандарыбыздын үйүндө телевизору жок болгон учурлар жана мобилдик телефондордун жетишпестиги болду. Аны биз дароо эле чечип берүүгө аракет кылып жатабыз. Мисалы бардык мектептеги телевизорлорду имараттан алдырып, жетишпеген үй-бүлөлөрдүн балдарына сабак окуу үчүн койдуртуп берип жатабыз. Албетте, бул убактылуу. Ар бир мектепте 20, айрым мектепте 30 даана телевизорлор бар. Аларды керектелбей тургандан көрө, балдарга кереги тийсин деп ушул чечимге келдик.
Ал эми телефондор айрым үй-бүлөлөрдө 2ден 3төн же кээ бир үй-бүлөдө такыр жок учурлар бар экен. Бул боюнча райондук билим берүү бөлүмдөрү иштеп жатат. Азыр мугалимдерибиз дагы кайтарым байланышка өткөндүгүнө байланыштуу маалыматтык коммуникациялык технологиядан анча пайдалана албаган учурлар болуп жатат. Ал эми окуучуларыбызда бул процесс бир топ жакшы. Себеби өзүңүздөргө белгилүү болгондой, алар жаңы технологияларды пайдаланууга дилгир жана жөндөмдүү. Мындан сырткары көйгөйүбүз биздин интернет байланышынын айрым жерлерге толук жетпей калгандыгы. Эгер ошол аймакта интернеттен мүчүлүштүк болуп жатса WhatsApp, Телеграм тиркемелери аркылуу билим үзгүлтүксүз жүрүп жатат. Көбүрөөк убакытты окуучулардын өз билимин өркүндөтүп, өзү менен иштөөсүнө көп көңүл бөлөлү деген ой менен атайын билим берүү порталдарын ишке киргиздик. Азыр биз мына ушул 3 күндүн ичиндеги иш-аракеттерди анализге алып жатабыз. Бул албетте, алгачкы тажрыйба болгондуктан, кетирилген мүчүлүштүктөр болсо, аны мүмкүн болушунча комплекстүү карап чыгып, оңдоого аракет кылабыз.
- Билим берүү порталдарынын ишке киргендиги, тиркемелердин иштелип чыккандыгы тууралуу айтып жатасыз. Аткарылган иштерге жалпы канча каржат жумшалды?
- Мугалим менен окуучунун ортосундагы байланышты түзүүгө Zoom, Google Classroom, WhatsApp жана Телеграм тиркемелери колдонулуп жатат. Ушуну баса белгилеп айткым келет. Буга чейин бир топ билим берүү порталдары, электрондук түйүндөр, мобилдик байланыштардын баары окуучуларга акысыз кызмат көрсөтөбүз деп меморандумга кол койгон. Аны менен бирге 1400дөн ашуун сабак тартылып, 200дөн ашык мугалим видео сабак тартууда талыкпай иштеди. Видео сабактарды тартууда эл аралык уюмдар жардамга келди.
Биз мугалимдер менен да өз алдынча сүйлөшүп, алдыңкы мугалимдерди тартканга аракет кылдык. Бул жаатта мамлекет мугалимдердин айлык маяналарын сактап берип жатат. Биз ички резерв, мүмкүнчүлүк менен, таза адамдардын интеллектуалдык күчүн пайдаланып, аракеттерди жасап жатабыз. Ошондуктан өкмөт, билим берүү порталдары жана жардам берип жаткан тиешелүү тараптарга ыраазычылык билдиргим келет.
- Дистанциялык окуунун алкагында биз жети дубандагы ата-энелер менен байланышып, алардын пикирин уктук. Себеби ата-эне карантинге байланыштуу баласына мугалимдей эле жооптуу болуп калды. Алардан бул окуу багытынын артыкчылыктары жана кемчилиги тууралуу сурасак, кемчилигин айткан ата-энелер көп болду. Атүгүл алар бир топ сунуштарды айтышты. Айтымдарында, телеканалдан кеткен сабактарды Ютуб каналга чыгарууну жана алар каалаган учурда сабакты кайталап көрүү муктаждыгы пайда болуп жатканын билдиришти.
- Бул пикир өтө туура жана жеке ата-энелердин айткан сунуш, пикирлерине кошулам. Сабактар алгач каналдарда көрсөтүлүп жатат. Ал эми ЭлТРдин "Илим Билим" каналынын ютуб каналына сабактар киргизилип жатат. Сабактарды ата-энелер каалаган мезгилде кирип көрө алат. Ооба, электр жарыгы ар дайым эле жанып турат деген кепилдик жок да. Мына кечээ эле жарык өчүп, авариялар болду. Ошондой учурларда алар өздөрүнө ыңгайлуу шартта ютуб каналынан сабактарды кайталап көрө алышат.
Мындан тышкары биздин өзүбүздүн билим берүү порталыбызда дагы атайын ютуб каналын ачтык. Азыр ушул 3 булактан окуучу сабактарды көрүп, пайдаланса болот. Ата-энелердин айткан сунуш пикирлери эске алынат жана айткандары туура. Биз айтылгандар тууралуу башынан эле ойлонуштурганбыз. Бирок эки каналдан сабактар эфирден кеткенден кийин гана өздөрүнүн продукциясы катарында мугалимдер өздөрүнүн ютуб каналына сабактардын иштелмелерин койгонго укук алышкан. Ошондуктан биз алдын ала сабактарды каналга сала алган жокпуз. Азыр ар бир сабак бүткөндөн кийин аны каналга салып жатабыз. Буюрса, бара-бара баары калыпка түшөт. Жаңы баштап жаткан иште сөзсүз кемчилик кетет. Ал эле эмес 10 жыл иштеген учурда деле кемчилик кетип калуусу мүмкүн. Анын үстүнө бул өтө күтүүсүз жана өтө тез бүткөрүлгөн иш болду. Мындан улам бул процессти баары түшүнөт деген үмүттөмүн.
- Коомчулукта мектептерге жакшы көңүл бөлүнүп, жогорку окуу жайлары көңүл сыртында калып калганы айтылууда. Бул пикир канчалык туура?
- Мектептин билим берүүсү мыйзамдык жактан толук мамлекеттин мойнундагы жүк. Ошон үчүн биз мектептерге катуу көңүл бөлүп жатабыз. Анткени балдарыбыздын билим алуусу үзгүлтүккө учурап калуусун каалабайбыз, албетте. Учурда мугалим дагы, окуучу дагы карантинде кармалып турат. Бул учурда балдар билим албай, көңүл сыртында калбашы керек. Азыр окуучулар беш жол менен билим алуусун улантып жатат. Ал эми жогорку окуу жайларына 16-мартта дистанциялык билим берүүгө өткөнү тууралуу атайын буйрук чыккан. Азыркы учурда жогорку окуу жайлары AVN маалымат системи боюнча жана башка мектепте колдонулган тиркемелер аркылуу окуп жатышат.
Атайын окуу жайларында модуль программасы боюнча окуу жүрүүдө. Албетте, ар бир окуу жай жетекчиси, тиешелүү кафедра, билим берүү процессине түздөн-түз жооптуу. Мындан улам азыр алар колдон келишинче, ар бир окуу жай өз изденүүсүнө жараша билим берип жатышат. Бул боюнча атайын мониторинг да кылабыз. Анда кайсы окуу жай студенттерге билим берип жатат, кайсы окуу жай бул маселеде аксап жатканын аныктайбыз. Албетте, бул жаатта дагы бир топ кемчилик, мүчүлүштүктөр бар. Анткени буга чейин анализдерди жасаганбыз. Дистанциялык билим берүүдө жогорку окуу жайлардын ректорлору, атайын орто окуу жайларынын жетекчилеринин жоопкерчилиги чоң. Алардын техникалык мүмкүнчүлүктөрү, мугалимдердин маалыматтык, техникалык, коммуникациялык байланыштарына түздөн-түз көз каранды болгон процесс болуп жатат. Албетте, бул боюнча министрлик анализдеп, жыйынтыгын коомчулукка жарыялайт.
- Жыйынтык сөз катары эмнелерди айта аласыз?
- Карантин башталгандан бери ата-энелер балдарын 24 саат бою карап жатышат. Бир учурда ата-эне мугалим да, тарбиячы да, ошол эле учурда балага ата-энелик мээрим дагы төгүп жатат. Буга байланыштуу ата-энелерге ыраазычылык билдирем. Мындан тышкары ата-эне баласынын жанына отуруп, аларга убакыт бөлүп, сабак даярдоого жардам беришсе балдарыбыздын дагы да билимдүү болгонго мүмкүнчүлүк болот эле. Ата-энелер балдардына жакшы мамиле кылып, аларды аярлап колдоо көрсөтүүсүн чын жүрөктөн суранып кетким келет. Анан албетте, талыкпай иштеп жатышкан ардактуу мугалимдерге ыраазычылык билдирип, рахмат айтам.