АКШда коронавирус инфекциясына каршы вакцинанын баштапкы сыноосу ийгиликтүү болду

АКШнын "Moderna" компаниясы тарабынан COVID-19 илдетине каршы иштелип чыккан вакцинанын алгачкы сыноолору ийгиликтүү аяктады. Сыноого катышкан бардык ыктыярчыларда иммундук реакция күчөп, антитела пайда болгонун чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Moderna" компаниясы вакцинанын баштапкы сыноосу ийгиликтүү өткөнүң, тест жыйынтыктарын 14-июлда "New England Medicine" журналына жарыялаган.

Анда сыноого 18 жаштан 55 жашка чейинки 45 ыктыярчы катышып, вакцинаны алгандарда антитела пайда болгон. Эми компания вакцинаны кеңири изилдөөнү пландаштырууда. Ага ылайык, кийинки сыноо июль айынын соңунда башталып, ага 30 миң адам катышары күтүлүүдө деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан