Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери толгоосу башталган келинге жардам беришти. Бул тууралуу аталган башкармалыктан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 31-март күнү "Алга" өткөрүү постунда айдоочуларга вирустук инфекциясынын жайылуу коркунучу жана аны алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткан. Ошол убакта Mitsubishi Pajero автоунаасынын айдоочусу Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлерине жубайынын толгоосу башталганын айтып, жардам сурап кайрылган.
Ал эми бул кайрылуу жетекчи Шайыр Бопоновдун макулдугу менен жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспектору Канат Жапаров айдоочунун унаасын коштоп, Бишкек шаарындагы №2 төрөт үйүнө жеткирген. Жыйынтыгында жардам сурап кайрылган жарандын жубайы төрөт үйүнө аман-эсен жетип, кыз төрөгөн. Мындан улам ал жалгыз гана инспекторго эмес бардык Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнө оперативдүү иш үчүн ыраазычылык билдирген.