Арашан айылындагы постто атышуу боюнча үч адам кармалды

Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылындагы атышууга катышкан 3 адамдын аты-жөнү такталды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар 1979-жылы туулган А.Х., 1984-жылы туулган А.Б. жана А.А. аттуу жарандар.

"Алар Аламүдүн РИИБине керектүү тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн өткөрүлүп берилди. Калган катышуучулардын аты-жөнү аныкталууда. Окуяга катышкандардын бири денесинен жаракат алып, Чүй облустук ооруканасына жаткырылган. Ал адам квадрацикл менен келген адамдардын бири. Учурда соттук териштирүү улантылууда", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Буга чейин 18-апрель күнү саат 20:47 чамасында Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Арашан айылындагы постто белгисиз адамдар бир нече ок атып, андан соң из жашырып кетишкени боюнча маалымат түшкөн. Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, саат 14:30 чамасында белгисиз 9-10 адам посттон квадрацикл менен өтүүгө аракет кылгандыгын аныкташкан. Мындан улам жергиликтүү тургундар, ыктыярдуу кызматчылар аларды посттон өткөрбөй коюшкандыктан, алар жаңжал салып, бир нече жолу ок чыгарып, белгисиз тарапка качып кетишкен.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tular
2020-04-20 21:15:01
Кой-Таш менен Арашандын элдери октон коркпой калышкан!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан