Бразилияда коронавируска каршы препаратты изилдөөгө катышкан 11 жаран каза болгону айтылды

Бразилияда коронавируска каршы күрөшүүдө натыйжа бере турган препаратты изилдөө токтотулду. Буга изилдөөгө катышкан жарандардын айрымдары жүрөк оорусуна кабылса, айрымдарынын каза болуусу себеп болгон деп жазышат дүйнөлүк басылмалар.

Чет элдик басылмалардын маалыматында окумуштуулар тарабынан хлорохин каражаты изилдене баштаганы айтылат. Ага 81 жаран катышып (изилдөөгө катышып жаткан учурда алардын коронавируска тапшырган тесттин жыйынтыгы чыга элек болгон), анын бир бөлүгү дарыны ашыкча өлчөмдө, тагыраагы, күнүнө 2 маал 600 миллиграммдан, экинчи бөлүгү дарыны 450 миллиграммдан ичип турушкан. 3 күндөн кийин окумуштуулар дарыны ашыкча өлчөмдө ичкендерде жүрөктүн аритмия оорусу пайда болгонун байкашкан. 6 күндөн кийин изилдөөгө катышкан 11 жаран каза болуп, дарыны изилдөө токтотулган.

Окумуштуулардын айтымында, хлорохин дарысын ашыкча көлөмдө колдонуу коопсуз деген схеманын негизинде изилдөө жасалган. Бирок бул жолку изилдөөгө ылайык, аталган дары каражаты айрым бейтаптарга терс таасирин тийгизерин далилдеди дешкен алар. Мындан улам изилдөөгө катышкан окумуштуулар хлорохинди коронавируска каршы күрөшүү үчүн колдонууда дарыгердин көрсөтмөсү жана бейтаптын жакындарынын уруксаты, адистердин тыкыр көзөмөлү керек деген жыйынтыкка келишкен.

Буга чейин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму келечектүү деп эсептеген дары каражаттарынын бири хлорохин экени маалымдалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Shahrizaada
2020-04-15 10:14:55
Корунгон даарыга эксперимент жургузо бергидей адам эмне, маалбы буларга
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан