Бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус илдетин жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Республикалык штабдын маалыматына ылайык, илдетти жуктуруп алган медицина кызматкери Бишкекте жана Чүй облусунда катталды.
Бишкек - 3
Чүй облусу - 2
Муну менен өлкө боюнча COVID-19 жана пневмония илдети медицина тармагынын 4 миң 229 кызматкеринен аныкталып, алардын ичинен 4 миң 196сы сакайды.