Өзбекстанда карантин убагында ММКларды колдоо сунушталды

Коңшу Өзбекстанда коронавирустук эпидемия учурунда өлкөдөгү жалпыга маалымдоо каражаттарын коргоо боюнча чараларды Улуттук массалык маалымат каражаттарын колдоо жана өнүктүрүү коомдук фондунун коомдук кеңешинин мүчөлөрү сунуштады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Бул өлкөдө телекөрсөтүү жана радионун редакциясынын кеңселерин ижарага алуу чыгымдарын карап чыгуу сунушталууда. Киргизилген чаралар боюнча акыркы чечим адис-экономисттер менен кеңешкенден кийин кабыл алынат.

Улуттук массалык маалымат каражаттарын колдоо жана өнүктүрүү коомдук фондунун жетекчиси Комил Алламжонов эгерде ММКлар мындай учурда колдоого алынбаса, алардын көпчүлүгү жабылышы мүмкүн экендигин айткан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан