Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айылынын өкмөт башчысы Иса Жаманбаев 8-июль күнү пневмониядан каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган айыл өкмөттүн жамаатынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, маркумдун 25-июнда бир эжеси, ал эми 5-июлда дагы бир эжеси илдеттен каза болгон.
"Эки аптада бир үй-бүлөдө 3 адам каза болду. Агай 25-июндан баштап эле бир аз дене табы көтөрүлүп жүргөн. Өзү ишине так, жоопкерчиликтүү жакшы адам эле. Артында 4 баласы калды", - деп билдиришти айыл өкмөттүн жамааты.