Парламент коронавирус боюнча Жогорку Кеңештин токтом долбоорун кабыл алды

Бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңеште коронавирус менен күрөшүү боюнча өкмөттүн жүргүзүп жаткан иштери тууралуу маалыматы угулду.

Анда калкты азык-түлүк менен жетиштүү камсыздоо, аймактардагы жазгы айдап-себүү иштерин үзгүлтүксүз улантуу, оор кырдаалда иштеп жаткан саламаттыкты сактоо жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине керектүү эмгек шарттарын түзүү менен коопсуздугун коргоо жаатындагы маселелер талкууланды.

Ошону менен катар эле чет өлкөдөгү Кыргыз жарандарын өлкөгө кайтаруу маселеси дагы каралды.

Жыйынтыгында депутаттар парламенттин токтомун кабыл алынды. Анда жогорудагы маселелер боюнча бардык тиешелүү сунуштар камтылып, өкмөткө тапшырмалар берилди.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов айтылган сунуштардын, сындардын үстүнөн өкмөт иш алып бара турганын айтты.

Ошон менен катар эле Башкы прокуратурага мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин жана финансы министри Бактыгүл Жээнбаеванын жоопкерчилигин кароо сунушталган. Боронов токтомдон бул пункту алып салууну суранган. Жыйынтыгында депутаттар бул пункту кийинкиге калтырышты. Ал эми медицина кызматкерлерине кысым көрсөткөн УКМК жана укук коргоо органынын кызматкерлеринин жоопкерчилигин кароо дагы сунушталды.

Токтом долбооруна ылайык, медицина, укук коргоо органдарынын, өзгөчө кырдаалдар кызматкерлеринин коопсуздугун сактоого жана аларга компенсация төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан