Нур-Султан шаарындагы бала бакчалар жабылат

Казакстандын борбору Нур-Султан шаарындагы бардык бала бакчалар коронавирус пандемиясынан улам жаралган кырдаалдын курчуп жаткандыгына байланыштуу жабылат. Бул тууралуу Нур-Султан шаарынын администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришкенини жергиликтүү басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, 23-июндан тарта Нур-Султан шаарындагы бардык бала бакчалар (мамлекеттик жана менчик түрүнө карабастан) жабылат. Мындай чечимге шаарда коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны көп болгондугу себеп болууда. Ошондой эле бала бакчалардагы тарбиячылардын да вирус жуктуруп алган фактылары катталган. Мындан улам бала бакчаларды жабуу чечими кабыл алынган.

Мындан тышкары 23-июндан баштап поликлиникалар да бейтаптарды пландык негизде кабыл алуу ишин убактылуу токтотот. Адистен консультация алуу үчүн онлайн форматында кайрылса болот. Ооруканалар абалы оор жана коронавирустун белгилери болгон бейтаптарды гана кабыл алышат.

Бүгүнкү күндө Казакстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 17 миң 732 адамды түздү. Анын ичинен 3 миң 248 адам Нур-Султан шаарынан. Бул илдеттен айыккандар 10 миң 962, ал эми каза болгондор 120га жетти.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан