Чет элдик маалымат булактары жазып чыкканына таянсак, акыркы сутка ичинде Дагестанда 3 адам коронавирустан көз жумган. Жалпы оору жуктуруп алгандардын саны 154.
Маалыматка ылайык, коронавирустан көз жумган жарандардын арасында 27 жаштагы кош бойлуу келин дагы болгон. Анын пневмониядан улам абалы оорлоп, жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.