Марк Цукербергден 720 миң даана бет кап. Атактуу компаниялар коронавируска каршы күрөшүү үчүн кандай жардам көрсөтүштү

Учурда дүйнөнү капсалаңга салып жаткан коронавирус менен күрөшүү үчүн дүйнөнүн булуң бурчунан карапайым адамдар болобу, бай адамдар болобу баары биргеликте колунан келген каржылык жардам көрсөтүшүүдө.

Алардын ичинен атактуу компаниялардын коронавирус пандемиясына каршы көрсөткөн каржылык жардамын дүйнөлүк маалымат каражаттары тизмектеп чыкты.

"Microsoft" компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс 50 миллион доллар суммадагы акчасын коронавирус менен күрөшүүгө бөлүп, өлкөнү бул пандемия менен алышуу үчүн эч нерсени аябоого чакырды.

Ал эми "Тesla" компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск Калифорниядагы бейтапканаларга 1250 дем алдыруучу аппарат алып берди.

Кытайдагы "Аlibaba" компаниясынын негиздөөчүсү Жек Ма Африка өлкөлөрүнө 1 жарым миллион коронавирусту аныктоочу тест, 100 миң бет кап жана медиктерди коргоочу атайын 1000 костюм алып берип, жардам колун сунган.

Атактуу "Apple" компаниясынын башчысы Тим Кук АКШ элине 2 миллион бет кап сатып берген.

Популярдуу "Facebook" компаниясынын башчысы Марк Цукерберг медицина кызматкерлерине 720 миң даана бет кап алып берди.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
murat17
2020-03-25 21:04:59
Африка элдерине дейби Африка Латын Америка жана Австралияда бул илдет жок анткени ал жакта кундун ысыгы 25тен жогору
-7
gute
2020-03-25 21:30:40
murat17, Эмнеге жок ? Вирус Бар ал континенттерде. Болгондо дагы кундон-кунго кобойуп жатат. Жаныланган жанылыктардан окуп коюнуз !
+5
Dani
2020-03-25 21:44:31
gute,ыссыкта вирус кучун жоготот деди эле жалганбы?
-2
Milduri
2020-03-25 21:50:36
Dani,ыссыкта өлбөйт экен экватор сызыгында жайгашкан мамлекеттердин баарында бар, мисалы Индонезияда, Малайзияда, Колумбияда, Бразилияда Африка мамлекеттеринде күндөн күнгө көбөйүп атат.
+2
Milduri
2020-03-25 21:46:04
https://news.mail.ru/story/incident/coronavirus/?fm=1 ушул жерде картада вирус катталган мамлекеттер көрсөтүлгөн, Африка мамлекеттеринин почти баарында эле бар.
+2
murat17
2020-03-26 02:28:12
Milduri,охоо демек 25 те олушу кыйын окшойт бул вирус
+1
Adil18
2020-03-25 21:55:30
Колунда болсо жардам берген кандай сонун.Бирок баарынын колунан келе бербейт байлардын.
Шайлоого жакындаганда элге умут берип жоголуп кеткен президенттикке талапкерлер,ЖКке болгон шайлоодогу талапкерлер элибизге жардам бергиле.
Кыргызстандагы миллионерлер элге кандай жардам берип жатат билбейм,бирок элге таанымал эмес жарандарыбыз 7.000.000-15.000.000 сом берип колдорун сунушту.
Ушул экоо миллиардер болгондо миллиард акчаларын дагы бергенге даяр экенин корсотушту.
+2
Globalnews
2020-03-26 08:01:21
бул вирус 50градустан ойдо ысыкта гана олот, так что тропикалык олколордо да кобойуп жатат, бирок Европадай тез темпте эмес
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан