Бул пневмония эмес. Патологоанатом коронавирус менен ооруган адамдын өпкөсү кандай жабыр тартарын айтты

Орусиялык дарыгер-патологоанатом Александр Эдигер коронавирус менен жабыркаган адамдын өпкөсү кандай болуп каларын айтты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, дарыгер коронавирус менен ооруган адамда пневмония оорусу өөрчүйт дегенге күмөнү бар.

"Бул пневмония эмес. Мен коронавирус менен жабыркаган 15 тирүү жана 7 каза болгон адамдын өпкөсүн көрдүм. Патологоанатом катары мен аларды дыкат изилдедим. Биз өпкөлөрдү башкача жабыр тарттырган вирус менен күрөшүп жатабыз", - деп билдирген Эдигер.

Дарыгердин айтымында, пневмонияны микробдук же микро вирустук козгоочу пайда кылат. Өпкөнү дарт чалуу мөөнөтү чектелген жана сейрек учурда гана өлүмгө алып келет. Ал эми коронавирус илдетинде өпкөнүн гана рецепторлорун эмес, кан тамыр жана тамак сиңирүү органдарынын рецепторлорун да дарт чалганын байкаса болот.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан