Бүгүн, 16-апрель күнү саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өлкөдөгү эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат берип жатып, Кыргыз өлкөсүндө кош бойлуу айымдардын коронавирус жуктурган учуру каттала элек деп билдирген. Кийинчерээк Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы ал сөздү четке кагып, Ош шаарында 3 кош бойлуу аял коронавирус менен ооруп жаткандыгы тууралуу маалымат таратты.
"Учурда Ош шаарында 3 кош бойлуу айым коронавирус менен жабыркап жатат. Үчөөнүн тең абалы жакшы. Ал эми бүгүнкү брифингдеги маалымат боюнча, Нурболот Үсөнбаев бир суткада катталганы тууралуу сурап жатат деп түшүнүп, катталган жок деген", - деп билдирди басма сөз кызматчы.