Жалпы 489: Министрлик илдеттин туу чокусу болот деп болжолдонгон күндөргө даярданууда (хронология, видео)

Бүгүн, 17-апрелге карата коронавируска байланыштуу абал тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев айтууда. Онлайн маалымат берүү Өкмөт үйүндө өтүп жатат.

2020-04-17 10:18:00

"Буга чейин медицина кызматкерлери коронавирусту иш учурунда жуктуруп алса 200 миң сом өлчөмүндө компенсация берилет деп айтылган. "Тез жардам" унааларын айдаган айдоочулар ооруп калса, аларга да берилеби компенсация? Алар деле ооруну бейтаптардан жуктуруп алышы мүмкүн да", - деген суроо берилди. 

"Азыркы учурда бул суроонун үстүнөн да иш-аракеттер жүргүзүлүп жатат", - деп жооп берди министрдин орун басары. 

2020-04-17 10:16:00

Гуманитардык жардамдардын бөлүшүлгөнү боюнча отчётту кайдан көрсө болот? 
"Саламаттыкты сактоо министрлигинин сайтында бул тууралуу толук маалыматтарды жайгаштыруунун үстүндө иштеп жатабыз", - деди Үсөнбаев. 

2020-04-17 10:15:00

"Адегенде коргонуучу каражаттарга муктаждык келип чыккан мунун негизинде өтүнүчтөр келтирилип, жардамдар алынды. Алар, албетте, комиссиянын чечими менен бөлүштүрүлөт. Жумшалган бардык гуманитардык жардамдардын отчёту ачык көрсөтүлөт. Бул тарапта маселе болбойт деп ойлойм", - деди Үсөнбаев гуманитардык жардамдардын бөлүштүрүлүшү боюнча айтып жатып. 

2020-04-17 10:13:00

Бөйрөк оорулары менен ооруган бейтаптарга дары-дармектер жетпей жатат деген арыздар келип жаткан, бул боюнча көрүлүп жаткан аракеттер кандай деген суроо берилди. 

"Бул жерде көп суроолор келип түштү, келген суроолорго тиешелүү жооптор берилүүдө. Ачыгын айтканда, бул жерде чечилбей жаткан көйгөйлөр көп. Бирок биз баарына жооп берүүгө аракет көрүп жатабыз", - деп жооп берди Үсөнбаев. 

2020-04-17 10:12:00

Саламаттыкты сактоо министрлигин кайтарган милиция кызматкери оору жуктурган. Учурда анын абалы жакшырып бара жатат.

2020-04-17 10:09:00

"Өлкөдө оорунун эң көп күч алган учуру 20-24-апрелдерге туш болушу мүмкүн деген божомолдун негизинде даярдыктар көрүлүүдө. Обсервацияларды даярдоо иштери жүрүп жатат, ӨКМ да даярдыктарды көрүүдө" деди министрдин орун басары. 

2020-04-17 10:05:00

Өлкөдөгү коронавирус менен ооругандардын ичинен 13 адамдын абалы оор. Бейтаптардын арасында үчөө бир жашка чейинкилер. Стационарда – 370 адам дарыланып жатат, алардын ичинен жандандыруу бөлүмүндө – 4 киши бар. 

2020-04-17 10:03:00

17-апрелге карата сутка ичинде 23 адамдан коронавирус табылды. Муну менен өлкө аймагында 489 адам коронавирусту жуктурду. Сутка ичинде илдетти жуктургандардын ичинен 12 медицина кызматкери бар. Акыркы сутка ичинде оору жуктургандардын ичинен:

Бишкек шаары – 14
Чүй облусу – 1
Ысык-Көл облусу – 2
Ош облусу – 4
Ош шаары – 2
Жаӊы катталган бейтаптардын 15и аял, 8и эркек.

2020-04-17 10:00:00

17-апрелге карата өлкө аймагында 23 коронавирустан айыгып чыкты. Муну менен айыккандардын жалпы саны 114 болду. Анын ичинен: 

Ош шаары – 7
Бишкек шаары  – 9
Жалал-Абад облусу – 7

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
AksyKum
2020-04-17 10:44:37
Иш журуп жатат ,иштеп жатабыз эле дешет натыйжа жок
+2
Nur777
2020-04-17 10:56:41
Ошондо туу чокусу кайсы числолордо болуп калат? Айтылбаптыр,27-апрельден 15-апрельге чейинби же 33-апрельге чейинби?)))
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан