Акын, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, журналист Зайырбек Ажыматовдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат. Бул тууралуу акын Бердибек Жамгырчиев билдирди.
"Маркумду акыркы сапарга узатуу Дордой конушунда эртең, 1-майда саат 09:30да орун алат", - деди ал.
Зайырбек Ажыматов кечээ, 29-апрелде 43 жашында дүйнөдөн кайтты.