Бүгүн, 17-апрелге карата өлкөдө коронавирустан дагы 23 бейтап айыкты. Алардын ичинен 9 бейтап Бишкектеги республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан чыгышты. Аталган оорукананын бөлүм башчысы Канат Искаков айыккандардын арасында 6 жаштагы бала бар экенин билдирди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Ооруканадан чыккан бейтаптын бири оор абалда келип, жандандыруу бөлүмүндө жаткан. Бүгүнкү күнгө карата анын абалы канааттандырарлык болуп, үйүнө чыгып жатат. Бул илдетти дарылоо ыкмасын аныктоо үчүн атайын консилиум өткөрүлүп, жыйынтыгына ылайык дүйнөлүк тажрыйбада колдонулган дары-дармектер дайындалат. Антибиотиктер бардык эле бейтаптарды дарылоодо колдонулбайт. Эгерде оорулуунун абалы канааттандырарлык болсо, ага витаминдер жана башка дары каражаттары берилет", - дейт Искаков.
Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 114 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.