Бишкек шаарынан коронавирус жуктурган эки жарандын кайдан келгендиги аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
"Кыргыз өлкөсүндө коронавирус жуктурган акыркы эки адам – 1996-жылкы жана 1994-жылкы эркектер. Франциядан учуп келген 24 жаштагы Кыргыз жараны "Манас" эл аралык аэропортундагы обсервация борборунда жайгашкан. Ал эми экинчиси кичи ажылыктан кайткан 26 жаштагы Кыргыз жараны Бишкек шаарындагы "Ак-Кеме" мейманканасында изоляцияга алынган", - деп жазылат маалыматта.
Бүгүн, 21-март күнү Кыргыз өлкөсүнүн аймагында коронавирус жуктургандардын саны 14кө жетти.