Президент менен вице-премьер медицина кызматкерлери менен калктын социалдык аярлуу катмарына колдоо боюнча чараларды талкуулашты

Бүгүн, 17-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков вице-премьер-министр Аида Исмаилованы кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылуусуна жол бербөө, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу жана медицина кызматкерлери менен калктын социалдык аярлуу катмарына колдоо көрсөтүү боюнча чаралар талкууланды.

Президент учурда социалдык блок боюнча вице-премьер-министрдин көңүлү саламаттыкты сактоо маселесине өзгөчө бурулушу керектигин билдирди. Коомчулуктун жана эксперттердин пикирлерин эске алуу менен бул системдеги кемчиликтердин баарын ыкчам жоюу керектигин белгиледи.

Мамлекет башчысы адистердин анализине ылайык, өлкө инфекцияга чалдыгуунун эң жогорку чегине жакын арада жетерин айтты. Медициналык мекемелерди өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар, вируска каршы дары-дармектер, тест-системдер, жеке коргоочу каражаттар жана башка зарыл каражаттар менен жабдуу аркылуу камсыздоо жана толук даярдыкка келтирүү зарылдыгын айтты.

Сооронбай Жээнбеков медицина кызматкерлеринин түзүлгөн кырдаалдагы талыкпаган эмгегин дагы бир жолу өзгөчө белгилеп өттү. Ооругандарды дарылоодо коронавирус инфекциясынын жугузуп алуу тобокелдигин азайтуу үчүн аларды жеке коргоочу каражаттар менен толук камсыз кылуу зарылдыгына көңүл бурду. Медицина кызматкерлерине эмгек акыларын жана кошумча берилүүчү төлөмдөрдү өз маалында берүүнүн маанисин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы жакынкы мезгилде өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын өнүгүшүнүн ар кыл сценарийлерин иштеп чыгуу керектигин айтты. Ошондой эле калкка вируска байланыштуу учурдагы кырдаал, гуманитардык жардамдын жана жарандар менен уюмдардан атайын эсепке түшүп жаткан каражаттар жана алардын бөлүштүрүлүшү боюнча толук жана ачык-айкын маалымат берүү зарылдыгына токтолду.

Ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен катышуучулары жана Апрель революциясынын баатырлары социалдык төлөмдөр менен өз маалында камсыздалышы керектигине көңүл бурду.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова өлкөдөгү коронавирус инфекциясы боюнча азыркы кырдаал жөнүндө маалымат берди.

Илдеттин алкагында байланышта болгондордун бардык контакттарын аныктоо жана обсервацияга же үй карантинине жайгаштыруу боюнча күчөтүлгөн иштер улантылып жатканын билдирди.

Оору жуктуруп алган 116 медициналык кызматкердин ичинен 36сы дарыгерлер, калганы кичи жана орто медициналык персонал жана башка кызматкерлер экенин маалымдады.

Вице-премьер-министр дарыгерлерге бардык кошумча төлөмдөр өз убагында берилерин белгиледи. Бул максатта 38 миллион 500 миң сом бөлүнүп берилген, апрель айында 132 миллион сом бөлүп берүү пландалууда.

Ошондой эле жакынкы күндөрү коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө жардам берүү жана тажрыйба алмашуу үчүн Кытай менен Польшадан медицина адистеринин келиши күтүлүп жатканын маалымдады.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал, аймактарга гуманитардык жардамды бөлүштүрүү жана эсепке алуу тууралуу акыркы маалыматтарды камтыган онлайн режимдеги интерактивдүү карта жайгаштырылган платформа иштелип чыкты.

Ошону менен катар Аида Исмаилова тиешелүү органдар менен биргеликте дары-дармектердин баасын жөнгө салуу, айрым фармацевтикалык компаниялар тарабынан баалардын көтөрүлүшүнүн себебин аныктоо боюнча иштер жүрүп жаткандыгын маалымдады.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан