Телеалпаруучу Эркин Рыскулбеков бир тууган эжеси жана анын балдары коронавируска чалдыкканын социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"COVID-19 илдети менин үй-бүлөмө жетти. Бир тууган эжем жана анын 3 баласы коронавирус жуктуруп алышты. Эжем "Гансиде", ал эми балдары (вирустун белгилери байкалбай) үйдө обочолонду. Бардык сунуштарды аткарууга чакырам", - деп жазды Рыскулбеков.