Ырчы Аксай Мукамбет уулу: "Айылга тосмо коюп, кезектешип кайтарып жатабыз"

Коронавирус пандемиясынын Кыргыз өлкөсүнө жайылып жатканына жана өлкөнүн айрым аймактарына өзгөчө абал режими киргизилгенине байланыштуу учурда ар бир айылдарга тосмолор коюлган. Ырчы Аксай Мукамбет уулу жашаган айылын кезек менен кайтарып жатышканын айтат.

"Биз Токмок шаарындагы Жаңы-Турмуш айылында турабыз. Карантин башталары менен айыл өкмөттөгүлөр айылдын кире беришине тосмо коюшкан. Ал жактан себепсиз келгендер кире албайт да, чыга албайт. Учурда бир күндө 4 үй-бүлөнүн мүчөсү нөөмөттө турат. Мисалы, бүгүн мен эртең мененки саат 7:00дөн кечки саат 22:00гө чейин айылдашым менен постто турам. Түнү дагы эки үй-бүлөнүн өкүлү келип, нөөмөт алмашабыз. Айылдын эли абалды туура түшүнүп, ашыкча себепсиз сыртка чыгышпай эле. Сырттан келген адамдар деле болгон жок", - дейт Аксай.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Adilet2014
2020-04-17 20:35:50
Ноокат районунун Жар Коргон айылынын да карантин болуп айыл жаштары постто турууну колго алышкан... Ар бир поколениенин жигиттер 1 суткадан айылдан 4 чыгып кирүү жолдорунда постто турушат... Кудайым буйруса айылыбыз элибиздин ынтымагы менен тынч...
+5
jigit.paren
2020-04-17 21:27:59
Бүт эле жерде ушундай болуп жатат бул жаңылык деле эмес го
+7
bekbolotabdirasulov
2020-04-17 22:42:28
jigit.paren, эми буларды артис деп коюшат..
+4
Flowhive
2020-04-18 09:48:26
Кыргызча жазса болбойбу постко
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан