Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык мэриясы жергиликтүү тигүү цехтери менен биргеликте бет каптарды тигип жатат

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык мэриясы жергиликтүү тигүү цехтери менен биргеликте бет каптарды тигип жатат. Бул тууралуу Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы билдирди.

"Калаадагы “Динамо” тигүү цехи менен түзүлгөн келишимге ылайык жергиликтүү бюджеттин эсебинен каражат бөлүнүп, 6 000 бет кап даярдалат. Ал бет каптар саламаттыкты сактоо мекемелерине жана санитардык-карантиндик көзөмөлдөө постторунда турган кызматкерлерге берилет. Даярдалган бет каптар жергиликтүү дарыканаларда арзан баада сатылат. Мындай иш аракеттер облустун башка район-шаарларында да аткарылууда", - деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jalguzum
2020-03-22 16:59:24
Бет капты эмнеден тигип жатышат. Жок дегенде озубузго тигели аптекада жок болуп атат бет кап
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан