Жалал-Абад шаарында ооруканада коронавирус жуктурган бир гана бейтап калды. Бул маалыматты Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын директору Кумар Ботокараев билдирди.
"Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө 16-марттан бери 52 бейтап дарыланды. 52нин төртөө оор абалда түшүп, 3өө сакайып, үйүнө чыгарылды. Азыр бирөө да жакшы болуп, үйүнө чыкканы камданып жатат.
Бүгүнкү күндө ооруканада 15 оорулуу болсо, 14ү 17 күндөн ашык дарыланып, эки ирет тапшырган ПЦР анализи таза чыкты. Азыр аларды ооруканадан чыгарганы даярдап жатабыз. Бейтаптарга үйүнө чыкканда коопсуздук эрежесин сакташыңыздар керек деп түшүндүрдүк", - дейт Ботокараев.