Коронавирус илдети дүйнөгө тарап баштагандан бери бир жарым жыл өттү. Бул аралыкта өкүнүчтүүсү миллиондогон адам бул дүйнө менен кош айтышып, миллиондогон жаран жакындарын жоготту. Аты жаман илдет дүйнөлүк экономикага, маданиятка, спортко жана башка тармактарга терс таасирин тийгизбей койгон жок.
Өмүрлөрдү сактап, калктын ден соолугуна кам көрүү үчүн бардык өлкөлөр вакцина ойлоп табууга аракет көрүштү. Мындай аракеттин натыйжасында, бир нече вакциналар калкты эмдөө үчүн учурда дүйнөнүн туш тарабында колдонулууда.
Кечээ өлкө боюнча Синофарм вакцинасы менен калкты массалык эмдөө башталды. Аталган вакцина боюнча кыскача маалыматтар топтому.
* Синофарм вакцинасы тууралуу эмнелер белгилүү?
Синофарм вакцинасы - Кытай фармакологиялык "Sinopharm" компаниясы тарабынан коронавирус илдетине каршы иштелип чыккан. Вакцина өндүрүүчүлөрү вакцинанын натыйжалуулугу 79 пайыз деп белгилешүүдө.
* Аталган вакцина менен кимдерге эмдөөдөн өтүүгө уруксат берилген эмес?
Синофарм вакцинасы менен 18 жаштан төмөн курактагы адамдарга эмдөөдөн өтүүгө азырынча уруксат берилген эмес. Себеби аталган вакцина 18 жаштан төмөн курактагыларга сыноодон өткөрүлгөн эмес.
Мындан тышкары анафилакциялык шок (аллергендердин организмге бир нече жолу кирүүсүнөн (ичеги-карындан тышкары башка жол менен) пайда болгон аллергиялык реакциянын түрү. Анафилакция жалпы же белгилүү жерден мисалы, териде байкалат. Өтө күчтүү жалпы реакция анафилакциялык шок деп аталат) болгон адамдарга аталган вакцинаны алуу сунушталбайт. Ошондой эле дене табы 38,5 градус болгон адамдар, кош бойлуу аялдар эмдөөдөн өтпөшү керек. Мындай абал жаралган учурда алар дене табы төмөндөшүн күтүшү зарыл.
* Синофарм вакцинасы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан каттоодон өткөнбү?
Кытайдын Синофарм вакцинасын Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму каттоого алган. Аталган уюм Синофарм вакцинасын COVID-19га каршы шашылыш түрдө колдонуу үчүн сунуш кылынган дары-дармектердин тизмесине кошту. Бул коопсуздук, натыйжалуулук жана сапат боюнча Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сертификатын алган алтынчы вакцина болгон.
Вакцина өндүрүүчүлөрү Синофарм вакцинасынын натыйжалуулугу 79 пайыз деп билдиришүүдө.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунуштамасы:
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунуштамасы боюнча, Синофарм вакцинасынын биринчи дозасын алган адамдар сөзсүз түрдө экинчи дозасын алышы керек. Ошондой эле биринчи доза менен экинчи дозаны алуу убактысы 3-4 апта болуусу кажет.
Эске сала кетчү жагдай, жогорудагы маалыматтар Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан алынды.
Маалымат үчүн:
Белгилей өтсөк, өлкөгө Кытай Эл Республикасынан акысыз негизде COVID-19га каршы 150 миң доза Синофарм вакцинасы өлкөгө келген. Алгачкылардан болуп саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев эмдөөдөн өткөн.
Ошондой эле 11-июлда өлкөгө Кытайдан Синофарм вакцинасынын 1 миллон 250 миң дозасы жеткирилген. Мындан тышкары июль айынын аягында Кытайдан дагы 1 миллион 250 миң кошумча дозадагы вакцина келет.
Вакцина тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматтарын шилтеме менен кирип окуй аласыз.