Бүгүн, 18-апрелге карата өлкө аймагында дагы 17 кишиден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифинг учурунда айтты.
Ош облусу – 5
Ош шаары – 1
Нарын облусу - 11
Оору аныкталгандардын төртөө аял, 13ү эркек.
Бул сутка ичинде коронавирус медицина кызматкерлеринен аныкталбаганын айтты Үсөнбаев.
Учурда ооруканада 317 адам дарыланууда. Жалпысынан өлкөдө бул ооруну жуктургандардын саны 506га жетти:
Анын ичинде:
Жалал-Абад облусу – 93
Ош облусу – 140
Ош шаары – 74
Чүй облусунда – 28
Бишкек ш. – 102
Баткен облусунда – 5
Нарын облусу – 56
Ысык-Көл облусунда – 8
Алардын 270и аял, 236сы эркектер.