Коронавирус менен жабыркап, андан каза болгондордун саны күн сайын ар кандай сандарды көрсөтүүдө. Бул ирет вирустан каза болгондордун санынын көптүгү боюнча Италия дүйнөлүк тизменин сап башында турса, экинчи орунга Испания чыкты.
25-мартка карата алынган статистикага ылайык, Испанияда вирустан 47 миң 610 адам жабыркаса, 3 миң 434 адам каза болду. Айыккандардын саны 5 миң 367ге жетти. Муну менен каза болгондордун саны боюнча Испания Кытайды басып өттү. Учурда Кытайда каза болгондордун саны 3 миң 285ти түзөт.
Коронавирустун экинчи очогу болгон Италияда 69 миң 176 адам ооруп, 6 миң 820 киши каза болду. Айыккандар - 8 миң 326.