"Коронавирус айрым адамдарда көп билинбей өтүшү ыктымал. Мындай учурда вирус башка адамдарга жайылып кетиши мүмкүн", - деди саламаттыкты сактоо министринин орун басары.
"Айрым иммунитети күчтүү адамдар ооруну байкабай жүрө бериши мүмкүн. Бирок бул айланадагылар үчүн коркунучтуу", - деп кошумчалады ал.
"Оору жуктурган медиктердин саны күндөн күнгө өсүп жатат, медициналык мекемелерде медицина кызматкерлеринин тартыштыгы жаралбайбы?" деген суроо берилди.
"Медицина кызматкерлеринин тартыштыгы жаралат деп ойлобойм. Кайсы бир аймакта адистер жетишпей жатса, биз ал жакка тиешелүү адистерди жөнөтө алабыз. 116 медицина кызматкерлеринин ичинде айыгып, кайрадан өзүнүн ишине киришкендер бар", - деди министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаев.
Жалпы 116 медицина кызматкерлери оору жуктурган, анын ичинен 36сы дарыгерлер, калгандары медициналык мекемелерде тейлөө иштеринде иштегендер, медайымдар жана техникалык жаатта иштегендер.