Бүгүн, 24-мартта саат 18:00дө Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова онлайн маалымат жыйын берүүдө. Айнура Акматова саат 18:00гө карата коронавирус менен жабыркаган жаңы факт катталбаганын билдирди.
Бейтаптар Бишкек шаарынын инфекциялык ооруканасында, Ош шаардык ооруканасында жана облустук ооруканаларда жайгаштырылган. Аларга тийиштүү медициналык жардам жана дарылануу көрсөтүлүп жатат.
Ооругандардын арасында энесинен жуккан 1 эмчектеги наристе жана 14 жаштагы өспүрүм бар. Калган бейтаптардын жашы – 16 жаштан 86 жашка чейин.
Өлкө боюнча коронавирус менен ооругандардын саны 42. Мындан тышкары Пакистанга даваатка барган дагы бир Кыргыз жараны вирус жуктуруп алганы белгилүү.