Казакстанда Кыргыз жаранынан коронавирус аныкталды

Казакстандын Жамбыл облусунда Кыргыз жаранынан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу казак маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, коронавирус аныкталган жаран айдоочу болуп эмгектенет.

"Айдоочу Токмок шаарынын тургуну. Ал Алматыга жүк ташуучу унаа айдап бара жаткан. Чек арада текшерүү учурунда андан коронавирус аныкталып, атайын транспорт менен Бишкекке жөнөтүлгөн", - деп жазылат маалыматта.

Буга чейин да Казакстандын аймагында Кыргыз жарандарынан коронавирус аныкталган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Belek1710
2020-04-19 04:52:36
Кантип эле жыйынтыгы тез арада чыгарып коюштубу, жатышат го күтүп качан жыйынтыгы чыгат деп.
0
aizbek
2020-04-19 10:34:30
Уйдо жат дегенден кийин уйдо эле болуш керек да,тирлик акча ошолорго эле керек бекен,мисалы мен дагы Россия Казакстанга каттайм,оору жайылып атканынан уйдо эле отурабыз,менин канча фура айдаган коллегаларым отурат уйундо,эртерак сакайып кетсин деп,ушинтип оору жугузуп алса жанталашып иштегенин бир тыйын,уйдо эле бололу туугандар женип алалы эсен аман
+3
Belek1710
2020-04-19 12:30:15
Жүк ташуучу унаа тамак аш ташып келбесе анан ким алып келет эле, ачка калабыз го.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан