Бир сутка ичинде 29 медицина кызматкеринен коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифинг берип жатып билдирди.
Айтымында, акыркы суткада 8 бейтап стационардан, үй карантининен 27 бейтап айыгып чыкты.
Бишкек шаары – 15
Баткен облусу - 6
Ысык-Көл облусу - 2
Талас облусу - 2
Чүй облусу - 4
COVID-19 менен ооруган медициналык кызматкерлердин жалпы саны 6 миң 267. Алардын арасында айыгып чыккандар 5 миң 499ду түздү.