Орусияда жүргөн Кыргыз жарандарынын арасында коронавируска чалдыккандар бар. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин маалымат кызматынан ырасташты.
"Тилекке каршы, бүгүнкү күндө Орусияда жүргөн мекендештерибиздин арасында коронавирус жуктуруп алгандары бар. Элчилик Москвада медицина тармагында иштеген, клиникасы бар кыргыз дарыгерлери менен атайын штаб түзгөн. Биздин штабдын кызматкерлери оозеки кеңештерди берип жатышат", - деди маалымат кызматынын өкүлү.
Ал эми канча жарандан вирус аныкталганы боюнча азырынча расмий маалымат беришкен жок.